7-июнда казакстандык блогер Айжан Байзакова турмуш жолуна аттанат деген маалыматтар интернет айдыңына байма-бай тараган. Өзү да жеке баракчасында үйлөнүү тойго даярдык көрүп жатканын жарыялаган. Бирок заманбап үлпөт той социалдык эксперимент болуп чыкты. Бүгүн салтанаттуу мааракеге келген конокторго бул пранк экени айтылган.
Буга чейин Айжандын достору да жеке баракчаларында тойго даярдык жүрүп жаткандыгы тууралуу билдиришкен. Интернетте "Байзакова күйөөгө тийип жатат, сен тие албай жүрөсүң" деген өңүттөгү тамашалар да пайда болгон. Даярдык учурунда Айжан Байзаковага сөйкө салуудан бери уюштурулган.
Блогер 6 ай мурда эркек уулдуу болгон, бирок наристенин атасы ким экенин ачыктаган эмес.