Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылында жамгырдын кесепетинен сел каптады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, сел суу өткөн арыкты, унаа өтчү жолду жана үйлөрдүн короолорун басып калды. "Тосулуп калган арыктан 200дөн ашуун үйдүн тургундары суу ичишет. Азыр кандай ачылат белгисиз. Өкмөт техника менен жардам берсе жакшы болмок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.