Өткөн суткада Кыргызстанда 22 өрт кырсыгы катталды
1-августта
Кыргызстанда 22 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чүй
облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2,
Нарын облусунда 1, Бишкек шаарында 5 өрт кырсыгы орун алган. Учурда келтирилген
чыгымдар такталууда.