Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндөгү №1 үйдүн жашоочулары көп жылдан бери таштанды төкчү урнадан чыккан түтүнгө ууланып жашоого аргасыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, "Ош Тазалык" муниципалдык ишканасына караштуу урна күн сайын ушинтип түтөп күйүп турат. "Тиешелүү жерлерге кайрылсак жыйынтык жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.