Эртең менен Валентина Шевченко менен америкалык Жессика Айдын беттеши болот

8-июндан 9-июнга караган түнү АКШнын Чикаго шаарында Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченко америкалык Жессика Ай менен мушташат. Бул тууралуу UFC билдирди.

Бишкек сааты боюнча мушташ 9-июнда саат 08:00 чамасында башталат.

Валентина Шевченко бул беттеште алгачкы ирет чемпиондук курун коргойт. Буга чейин ал журналисттерге чемпиондук кур анын өмүрүндөгү башкы максаты болгонун айткан. "Ал эми курга ээ болгондон кийинки максатым аны мүмкүн болушунча узак убакытка сактап туруу. Мен учурда "бул ирет мага атаандаш болобу, рейтингимди дагы жогорулата аламбы?" деп ойлонбойм. Анткени мени менен бирдей салмак чениндеги мушкерлердин арасында чемпиондук курумду тартып алууну каалагандар көп. Ошондуктан мурункуга караганда 2-3 эсе көбүрөөк машыгышым керек. UFC`нин чемпиондук куруна ээ болгонго чейин 16 жолу дүйнө чемпиону болгом. Андыктан өз позициямды кантип коргоо керектигин билем", - деген Шевченко.

Жессика Ай карьерасында 20 беттеш өткөрүп, 14 жолу жеңишке жетип, 6 жолу жеңилип калган. Валентина Шевченко болсо өткөн жылдын декабрь айында Йоанна Енжейчик менен беттешип, жеңил салмактагы чемпиондук курга ээ болгон.

9-июнга караган түнү Шевченко - Джессика Ай мушташы болот (анонс)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2019-06-08 17:23:27
Супер кайдан корсок болот ? Сураныч айтып койгулачы . Эч жерден таппай койдум .
0
tynar92kg
2019-06-08 17:39:11
Ийгилик сага!!! Кайдан корсок болот админ? Билсенер айтып койгулачы?
0
rysik79
2019-06-08 23:18:09
Сары кызыбызга ийгилик. Кыргызстандын туусун даагы бир желбиретип койгун.
0
Avrora2017
2019-06-09 04:01:22
Молодес Валя ийгилик каалайм чын журоктон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан