Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуртай Борбиев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Борбиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 10-июнда өтмөкчү.
2017-жылы анын жамбаш сөөк жагына оор операция жасалган. Операциядан кийин калыбына келүү процесси оор болгон.
Кинооператор, кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1979) Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Чүй облусунун Кызыл-Аскер айылында төрөлгөн. Бишкек айыл чарба техникумунун бухгалтердик эсеп бөлүмүн бүткөн. 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун жардамчысы катары эмгек жолун баштаган. 1961-1966-жылдары өз алдынча оператор, 1966-жылдан тарта операторлук менен катар эле режиссёрлук ишин жүргүзгөн. 1990-жылдан тартып "Келечек" киностудиясынын вице-президенти, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун профессору. Оператор катары тарткан көрүнүктүү чыгармалары "Алай карларында" (1963), "Манасчы" (1965), "Тору-Айгыр тумшугу" (1967), "Мурас" (1969), "Советтик Кыргызстан" (1975) документалдык фильмдери, "Шаркыратма" (1975), "Түркүн тагдырлар" (1979), "Кошой таш" (1981), "Ак илбирстин тукуму" (1985), "Сүйүү жаңырыгы" (1986), "Маңкурт" (1989), "Азиат" (1990) көркөм фильмдери. Режиссёр катары "Айдың" (1975), "Дунгандар" (1975), "Тынчсыздануу" (1975), "Жер деген эмне?" (1992) документалдык фильмдерин тарткан. "Саманчынын жолу", "Көчө" фильмдеринде ролдорун чеберчилик менен ойногон. Өзү тарткан бир катар документалдык фильмдердин сценарийинин автору. Тарткан фильмдеринин басымдуу бөлүгү эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, айрымдары үчүн профессионал оператор катары 1-орунду алган. Медалдар менен сыйланган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нуртай Борбиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.