Ырчы жана бийчи Айдана Дека Казакстанда өтө турган "Star of Asia Almaty.kz 2019" эл аралык музыка фестивалына чакыруу алды. Ырчы аталган фестивалга бий тобу менен катыша турганын SUPER.KG`ге билдирди.
"Казакстандын Алматы шаарында өтө турган эл аралык музыка фестивалына бий тобум менен катышууга чакыруу алдым. Фестиваль 15-16-июнь күндөрү "Медеу" бийик тоолуу спорт комплексинде өтөт. Аталган фестивалда АКШ, Кытай Эл Республикасы, Түштүк Корея, Япония, Грузия, Индия, Түркия, Азербайжан жана бир катар өлкөлөрдөн белгилүү ырчылар келип ырдашат. Учурда фестивалга кызуу даярданып жатабыз", - дейт ал.
"Star of Asia" эл аралык музыка фестивалы 2017-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестиваль Казакстандагы жаш таланттар менен белгилүү ырчылардын бир сахнада ырдоосуна өбөлгө түзөт. Жыл сайын элдин добушу менен 20 таланттуу жаштар финалга өтүп, чоң сахнада өздөрү кумир туткан ырчылар менен биргеликте ырдоого мүмкүнчүлүк алышат.