Кыргыз Эл артисти Юрий Бобковго эки операция жасалды

Кыргыз эл артисти Юрий Бобковго эки операция жасалды. Кыргыз шоу бизнесиндеги ырчылар Юрий Бобковго жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштурду. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасовага байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Юрий Бобков апрель айында жыгылып кетип, акырек сөөгү майдаланып сыныптыр. Биринчи операциядан кийин үйүнө чыгарылган. Бирок сынган сөөктөрдү бириктирген болттор чыгып кетип, кайра операция жасалган. Чыгармачылыктагы кесиптештери Юрийдин үй-бүлөсүнө жардам кылып жатышат. "Көп түкүрсө көл болот" деп артисттердин алды 20 миң сомдон беришти. Кечээ, 8-июнда кайрымдуулук концерти өттү", - дейт Садыбакасова.

Кайрымдуулук концерттин уюштуруучуларынын бири ырчы Салима Балтаева төмөнкүлөргө токтолду.

"Юрий Бобковдун колунун акыректен чыканакка чейинки бөлүгү бир нече жеринен сынып, муундары дагы жабыркаган. Ал эки операцияны башынан өткөрдү. Агайды экинчи операциядан кийин ооруканага барып көрсөк, кыйналып жаткан экен. Мындан улам ырчылар агайга айтпай жардам иретинде кайрымдуулук концертин уюштурганбыз. Концертке 1-2 күн калганда агайга айтсак макул эместигин билдирди. Концертти уюштуруп алгандыктан көндүрүүгө аргасыз болдук. Концертте режиссёр Ырыс Жоомартова экөөбүз алып баруучулук милдетти аркаладык. Азырынча андан канча каражат түшкөнүн эсептей элекпиз", - дейт ал.

Ал эми Эл артистинин жубайы Асель Осмонова жолдошунун абалы тууралуу мындай дейт.

"Юрийге эки ирет операция жасалып, азыр дарыланып жатат. Үчүнчү операциядан Кудай сактасын! Буга чейин 18 жаштагы кызыбызга Орусиянын Новосибирск шаарында операция жасалган. 1 айдан кийин эле жолдошум кырсыктап калды", - дейт ал.

Юрий Бобков - "Досум-Үсөн" тобунун негиздөөчүсү. Мындан тышкары ал "Ырдайлы кыргыз ырларын" долбоорун эфирге алып чыккан. Ошондой эле шоу бизнестеги көптөгөн ырчылардын устаты.

Ырчылардын демилгеси менен ЭЛСОМ электрондук капчыгы ачылган.

ЭЛСОМ: 0708606870

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KaGaH
2019-06-09 16:06:30
Юрий агай сакайып кетиңиз,кудай шыпаасын берсин, кыргыз эли үчүн кылган эмгегиңиз опол тоодой
+17
aerforce
2019-06-09 17:00:29
Юрий байке сакайып кетиниз сиз чыныгы кыргызсыз кудайвм шыпаасын берсин
+11
rysik79
2019-06-09 18:48:13
Айыгып кетсин байкуш жездебиз, кудабыз, ары байкебиз. Кудайым шыпаасын берсин.
+11
Skarlett-Skarlett
2019-06-09 19:09:19
Жакшы болуп кетсин!Сыйлай турган киши.
+9
Nur777
2019-06-09 19:20:47
Юрий байке,Кудайым шыпаасын берип куландан соо айыгып кетиниз!
Кайдыгер эмес жарандар,жардамыбызды аябайлы туугандар!
+4
O.dembele
2019-06-09 19:22:19
Жакшы киши!айыгып кетсин.
+7
fak
2019-06-10 01:29:38
Эч качан оорубасын,жакшы болуп кетсин
+4
Sajakat14
2019-06-10 12:58:57
Жараткан ден соолугун жакщыртсын, күч кубат берсин! Эң чоң байлык адамдын ден соолугу да. Ден соолугубузду барктайлы.
+1
aliya-leyla
2019-06-10 14:50:36
Айыгып кетсин. Анча мынча киргиздер кыла албаган иштерди кылган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан