Бүгүн, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Анда Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, шайлоонун таза өтүшүн талап кылышууда.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, митингге чыккандар "Бойкот!", "Маскара!", "Казакстан!" деп кыйкырып, президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырык таштады. Митинг болуп жаткан жерлерге полиция кызматкерлери барып, активисттерди кармап кетишти.
Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги 7-июндан 12-июнга чейин күчөтүлгөн тартипте иштей баштаганын маалымдаган. Ошондой эле аталган министрлик шайлоо учурунда нааразычылык акциясына же митингге чыккандарга тийиштүү чара көрүлөрүн кошумчалаган.