Чоң Чүй каналына унаа кулап, айдоочусу каза болду

Бүгүн, 2-августта саат 00:58де Чоң Чүй каналына Мазда -6 үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык болгон жерге 6 куткаруучу барып, издөө иштери натыйжа берген эмес. Эртең менен кайрадан издөө иштери улантылып, 08:35те унаа табылган. Анын ичинде 1984-жылы туулган, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Константин Волошенконун жансыз денеси табылган. Учурда маркумдун денеси Биринчи Май райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Маалыматка ылайык, сууга кулаган унаада 1988-жылы туулган Изат Хазибов да болгон. Ал мас абалында болсо да, суудан сүзүп чыгып кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан