Орусияда 46 жаштагы жаран 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Жабырлануучу кыз - 5 айлык кош бойлуу

Орусияда 46 жаштагы жаран 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө, кыз - 5 айлык кош бойлуу. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Москва облусундагы Лыткарино шаарында орун алган. Тергөөнүн алкагында 46 жаштагы жаран кызды 2018-жылдын июнь айынан тарта 2019-жылдын январь айына чейин бир нече жолу зордуктаганы аныкталган.

"Зордукталып, кийин кош бойлуу болуп калган 11 жаштагы кыз кылмышка шектүүнүн кызынын курбусу. Учурда жабырлануучу - 21-23 жумалык кош бойлуу. Полицияга кыздын апасы шектүүнү жазага тартуу өтүнүчү менен кайрылган. Учурда кылмышка шектүү кармалып, бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
almanbetperm
2019-06-10 11:43:53
Толуктап жазып кетсенер болмок. Озбек экен
+3
katerina.li
2019-06-10 13:21:25
almanbetperm,ооба озбек улутундагы неме экен. Кыз болсо оорукчан кыз экен. Атайын акылы кем балдар окуган мектепте окйт экен
+2
jalgyzym...
2019-06-10 16:19:54
Жакшы дагы кыргыз эмес экен. Дагы кыргыз жараны деп чыгабы деп кире калдым эле
+2
ninja82
2019-06-10 18:40:11
Я Аллах,Озун сактачы наристелерди бачабаздардан. мындай айбандарга кандай оор жаза берседа аздык кылат
+2
Ali1510
2019-06-10 21:27:37
Олум жазасын киргизиш керек мындай зоокурлорго...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан