Германияда жеңил унаа менен мектеп окуучуларын ташыган автобус сүзүшүп, 23 адам жабыркады

Германияда жеңил унаа менен мектеп окуучуларын ташыган автобус сүзүшүп, 23 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон учурда автобустун ичинде16 жаштан 18 жашка чейинки 49 өспүрүм болгон. Алар автобус менен Баден-Вюртембергден Тюрингияга бараткан.

"Алдын ала берилген маалыматка ылайык, жол кырсыгы жеңил унаанын 75 жаштагы айдоочусу жолдон өтүп баратып автобусту байкабай калган. Натыйжада мектеп окуучуларынан сырткары улгайган айдоочу менен анын жүргүнчүсү да жабыркаган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан