АКШнын Даллас шаарында катуу шамалдан улам кран кулады. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, катуу шамалдан улам көп кабаттуу имараттын жанында турган кран кулап, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын үстүнө кулаган. "Натыйжада унаа токтотуучу жайдын жарымы жараксыз абалга келип, анда токтоп турган унаалар да талкаланган. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 6 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган", - деп айтылат маалыматта.