Футзал боюнча Бишкек шаарынын чемпиону аныкталды

8-9-июнда Бишкек шаарынын футзал боюнча чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге мелдештин уюштуруучулары кабарлады.

Белгилүү болгондой, шаар чемпиондугуна 3 дивизионго бөлүнгөн 30га жакын команда катышты.

"Чемпиондуктун алкагында 2-дивизиондун жеңүүчүсү болуп “Алтын-Кен” командасы аталды. Ал эми 1-дивизиондо “Налоговик” командасы 1-орунду камсыздаса, премьер-дивизиондун чемпиону болуп “СВВЗ” командасы табылды. Жеңүүчүлөрдү Кыргыз Футзал лигасынын президенти Ырыскелди Мусаев куттуктап, кубокторду тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан