1-августта Сокулук районунун Степное айылындагы Чу дарыясына 2008-жылы туулган А.К. Маматов чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Издөө иштерине ӨКМнын куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, 2 кайыктын жардамында издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. Ал эми бүгүн, 2-августта издөө иштери улантылууда.