Санкт-Петербургда Кыргыз келин көгөргөн тактары бар, башынан жаракат алган эмчектеги кызын ооруканага алып келгенин орусиялык басылмалар жазды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы ооруканага далысында көк ала тактары бар, мээсинен жаракат алган эмчектеги кыз жаткырылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышып, ал 7-июнда ооруканага алып келингендигин белгилешкен.

Маалыматка ылайык, кыз 2019-жылы туулган. Ал "Тез жардам" кызматы аркылуу ижарага алынган батирден ооруканага жеткирилген. Санкт-Петербург шаарындагы №1-оорукананын дарыгерлери ымыркайда көп оору бар экенин аныкташкан, анын арасында мээси менен байланышкан да оорулар бар. Кызда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын геморрагиялык оорусу да бар экени белгилүү болгон. Аталган илдет К витамини жетишсиз болгондуктан боордун оорушуна алып келет.

Ымыркайдын апасы 35 жаштагы Кыргыз келин кызынын далысынан көк такты көрүп калгандан кийин дарыгерлерге кайрылганын айткан. Балага залаканы апасы алып келиши мүмкүн деген шектенүүлөрдү ал четке кагып, кол көтөрбөгөндүгүн айткан. Ал Санкт-Петербург шаарына ушул жылдын январь айында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asylai88
2019-06-11 22:59:28
Жакында эле торолгон куноосуз периштени анча неге кыйнады экен. Кантип колу барды экен балага да ошончо конул кош карайбы акмак. Эне деген атка татыксыз экен жырткычтан айырмасы жок, антейин десен жырткыч да баласын коруйт да бул айбандан айырмаланып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан