Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп аталды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаганын казак ЖМКлары жазып чыкты.
Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Токаев добуштардын 70,76 пайызына ээ болгон. Амиржан Косанов 16,02 пайыз, Дания Еспаева 5,2 пайыз алса, калган талапкерлер 4 пайызга чейинки колдоого ээ болушкан.
Шайлоого жалпысынан добуш берүүчүлөрдүн 77,4 пайызы катышкан.
Дээрлик 30 жылдан бери биринчи жолу Казакстанда Нурсултан Назарбаевсиз өткөн президенттик шайлоо тууралуу ушул шилтемеден окуй аласыздар.