Александр Крестинин: "Биздин командада негизги жана запастагы оюнчу деген түшүнүк жок"

Биздин командада негизги жана запастагы оюнчу деген түшүнүк жок. Мындай пикирин футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 10-июнда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, улуттук курама бир гана чабуулду көздөп оюн алып барат.

"Биз Палестина курама командасы менен акыркы жолу декабрь айында беттешкенбиз. Андан мурда өткөн жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында болгон оюнда тең чыкканбыз. Бул аралыкта тигил же бул себептерден улам 2 командада тең бир топ өзгөрүүлөр болду. Мурдагы беттештер эртеңки оюнга таасирин тийгизбейт. Палестина абдан мыкты даярдыктагы команда. Демек, эртең бизди кызыктуу беттеш күтөт.

Биздин командадагы бардык футболчулар негизги оюнчулар. Алар өлкөдөгү эң мыктылардан куралган. Андыктан эртең ким оюнга жакшыраак даяр болсо, ошол оюнчу ойнойт. Антон Землянухин, Азамат Байматов сыяктуу оюнчуларыбыз жаракатына байланыштуу эртең талаага чыга алышпайт. Андыктан алар курамга киргизилген жок. Биздин курамда запастагы оюнчу деген да түшүнүк жок. Ким улуттук курамага чакырылган болсо, демек, ал негизги оюнчу. Талаага 11 гана футболчу чыга ала тургандыгына байланыштуу баарын бир учурда беттешке чыгарууга мүмкүн эмес.

Биздин команда эч качан коргонууга басым жасап ойногон эмес. Ар дайым бир гана чабуулду көздөп ойнойбуз. Албетте, айрым учурда бизди көбүрөөк коргонууга мажбурлаган командалар болгон. Бирок мен улуттук кураманын оюндары үчүн жоопкерчилик алган күндөн бери өз эркибиз менен коргонууга ыктаган учур болгон эмес", - деди Крестинин.

Кыргыз Өлкөсү менен Палестина курама командаларынын жолдоштук беттеши эртең, 11-июнда өтөт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elb_2121
2019-06-10 15:03:41
Ийгилик силерге утушунарга тилектешмин дуйнодо мен Кыргызстандык футболчудай футболист болом деп фудболго кызыкан адамдар кобойсун
0
erjigit-e.15
2019-06-10 18:09:25
Саша ийгилик АК шумкарларга!
+1
interpol
2019-06-10 23:29:19
Алга Ак шумкарлар.
Алга Кыргыз фудболу. Көкөлөп асманга уча бер. Урматтуу күйөрмандар келгиле баарыбыз барып колдоп сүрөөп күйөрмандык кылалы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан