Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Эсептөө палатасынын отчётун жактырды.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Эсептөө палатасы мамлекеттик чоң күчкө ээ экенин белгиледи. "Эсептөө палатасы бюджетти өстүрүүнүн бир булагы болуп эсептелет. Себеби бюджеттин аткарылышын көзөмөлгө алууда, кабыл алууда Эсептөө палатасынын корутундусу керек. Мындан ары да жакшылап иштеп бюджетти көтөрүүгө аракетиңерди жумшагыла. Кайсы мамлекеттик органдарда резервдик жоготуулар болуп жаткандыгын аныкташыңар шарт. Эсептерди аныктоонун ыкмаларын өзгөрткүлө. 15 жылдан бери бир сандарды эле көрүп жатабыз", - деди депутат.