Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчисине аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тарабынан нота тапшырылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, буга Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыратка Кыргыз ТИМи тарабынан ыйгарылган нота себеп болгон.
"Кыргыз элчиси Кубанычбек Өмүралиев Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага нота тапшырылды. Аталган документте Женгиз Камил Фырат өзүнүн милдеттерин аткарганы жана өлкөнүн ички иштерине кийлигишпегендиги айтылат. Мындан сырткары министрдин орун басары Седат Өнал элчиге нота тапшырып жатып, боордош эки өлкөнүн алакасы мындан ары да өнүгө берерине ишене тургандыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.