Барбиге окшошуу үчүн 15 пластикалык операция жасаткан болгариялык кыз "үйлөп койгон куурчак" деген сынга кабылды

Болгариянын 21 жаштагы тургуну Барби куурчагына окшошуу үчүн 15 пластикалык операция жасатты. Ал сырткы келбетин өзгөртүүнү былтыр баштаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

София шаарынын тургуну Андреа Иванова кичинекей чагында Барби куурчагына окшошууну кыялданган. 20 жашка чыкканда алгач оозун чоңойтуудан баштаган. Бирок оозунун көлөмү жакпай, бир нече ийне сайдырып, азыркыдай формага жеткирген. Андан кийин эмчегин чоңойткон.

"Мен канча жолу пластикалык операция жасатканымды билбейм. 15тен дагы көп болушу мүмкүн. Эч болбоду дегенде 1 айда бир жолу хирургдарга барып турам", - деген Андреа.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары Андреа Иванова буга чейин татынакай болгонун, операция жасатып, ырайын бузуп алганын билдиришкен. "Мурда сулуу кыз болчусуң. Азыр кебетеңди көрүп алып башыңдын ичинде бирдеме барбы деп сурагым келип жатат. Сен үйлөп койгон куурчактай көрүнүп калыпсың" десе, айрымдары "адамдарды ушундай түрү суук кылган дарыгерлерди түрмөгө отургузуш керек!" деген билдирүүлөрүн калтырган.

Барбиге окшошом деп оозу менен көкүрөгүнө 15 жолу операция жасаткан кыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AykaMer
2019-06-10 21:19:47
Ээ андан көрө ошол акчага дүйнө кезбейби ар кайсы өлкөгө саякаттап... Сооп кыл дейин десең,оюу мындай болуп турса соопту деле билбейт бул.
+11
Sema87
2019-06-10 21:47:17
Бир жакшы тусуну бузуптур
+5
bond02
2019-06-10 22:25:08
Баш иштебесе ар жериндин шору да.
+11
lightning57
2019-06-10 23:58:21
Негизи мурунку суротундо кобуроок окшош болгон экен Барбиге.Азыр айланып отот го
+2
jalgyzym...
2019-06-11 11:07:44
Аллахым берген келбетти озгортпош керек кунооо
+4
Sajakat14
2019-06-11 12:36:20
Башынын ичинде мээси жок болсо денесине асылат экен да. Африканын сууга, тамакка жетпеген бир мамлекетине алып барып койсо.
+1
Akujan1408
2019-06-11 18:02:09
Ужас
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан