Палестина курама командасынын машыктыруучусу: "Биздин футболчулар үчүн ар бир беттеш өзүнчө чакырык"

Биздин футболчулар үчүн ар бир беттеш өзүнчө чакырык. Мындай пикирин футбол боюнча Палестина курамасынын башкы машыктыруучусу Нуреддин Али бүгүн, 10-июнда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Палестинанын улуттук курамасында өткөн жылга салыштырмалуу бир топ өзгөрүүлөр болду.

"Биз Кыргыз өлкөсүнө экинчи ирет келип жатабыз. Эртеңки беттеш биз үчүн Азия Кубогунан кийинки алгачкы оюн. Алдыда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру күтүп турат. Ошондуктан командага бир топ жаңы оюнчуларды алдым. Кыргыз курамасы сыяктуу күчтүү атаандаш менен болгон оюнда алардын деңгээлин байкашыбыз керек. Биздин оюнчулар үчүн ар бир беттеш өзүнчө чакырык. Оюнга даярданууда болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз.

Азыркы учурда оюбузда бир гана эртеңки беттеш турат. Андан кийин Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру башталат. Алдыга койгон пландарыбыздын негизги бөлүгү 17-июлда боло турган чүчү кулактан кийин тандоо турунда кайсы атаандаштар менен ойногонубузга жараша белгилүү болот", - деди Нуреддин Али.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ysakov_Nur
2019-06-10 23:57:31
Кыргыз футболу картайып баратат, жаш оюнчулар дээрлик жокко эсе.
Жаш оюнчуларга олуттуу конул бурбасак аягы аянычтуу болуп калат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан