Орусиялык музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Анын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда жаткан. Бари Алибасов көзүн ачып, Чуча аттуу мышыгынын абалын сурагандан кийин кайра эс-учун жоготкон. Чет элдик басылмалар бул тууралуу Алибасовдун уулу билдиргенин жазышууда.
"Атам эсине келе элек. Бүгүн эртең менен көзүн ачып "Менин мышыгым кайда? Мышыгымдын абалы жакшыбы?" деп сурагандан кийин кайра эсин жоготуп койду", - деген ал.
Дарыгерлер музыкантты эсине келгенден кийин тамакты жута албай калышы мүмкүн деп айтышууда.
Бари Алибасов 1947-жылы 6-июнда Казакстанда төрөлгөн. 1960-жылы классташтары менен биргеликте "Интеграл" аттуу жаз-рок тобун түзүп, 22 жыл иштеген. 1989-жылы аталган топту таратып, "Na-Na" аттуу топ түзүүгө сынак жарыялаган. Алибасов бул топту бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келет.