Шоумен жана алып баруучу Манас Алыкулов бүгүн, 10-июнда уулунун тушоосун кесип, той өткөрүп жатат. Тойго 250 киши чакырылганын шоумен SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн жакындарымдын, досторумдун, кесиптештеримдин курчоосунда уулум Мураттын тушоосун кесип жатабыз. Адатта той берип жаткандар аябай толкунданышат. Менде андай сезимдер болгон жок. Тойго кошумчаны алдын ала алып койгом. Ошого болсо керек маанайым жакшы", - дейт ал.
Манас Алыкулов Токтогулдун сулуусу Алина менен 2017-жылы баш кошкон. Ал эми 2018-жылдын май айында уулдуу болушкан.