Бүгүн Бишкек шаарында "Ак шумкарлар" Палестина курама командасы менен беттешет

Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарында футбол боюнча Кыргыз курама командасы Палестина менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Оюн 20:00дө башталып, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Футбол федерациясы билдиргендей, беттеш оюн-зоок программалары менен коштолуп, ата мекендик эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулайт. Шоу-программа 18:00дө башталат.

Кыргыз өлкөсү менен Палестина курамасы буга чейин 5 ирет кез келген. 2 беттеш тең чыгуу менен аяктаса, 2 беттеште "Ак шумкарлар" жеңишке жетишкен. Дагы 1 оюнда Кыргыз өлкөсү жеңилүү ызасын тартып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sabette
2019-06-11 07:59:19
Алга ак шумкарлар
+1
rysik79
2019-06-11 08:14:58
Кудайым буйруса женебиз!!!
+1
Agayu
2019-06-11 10:35:21
Аллахым Ак Шумкарга жэниш берсин !!!
+1
Bale1111
2019-06-11 13:08:18
Ийгилик ак шумкарлар голдон бергилечи кыргыздарга ири эсепте жеңиш каалайм алга ак шумкарлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан