
Якутияда пенсионер кошунасынын үй-бүлөсүн өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Нерюгрин районунда орун алган.
"60 жаштагы пенсионер жинденип ок атуучу курал менен 38 жаштагы жаранды, анын 39 жаштагы кош бойлуу аялын жана 14 жаштагы кызын өлтүргөн. Мындан сырткары жабырлануучулардын 64 жаштагы тууганына да ок тийген. Ал эми кылмышка шектүүнү колго түшүрүү учурунда ал өз жанын кыйган. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.