Валентина Шевченко Жессика Айды жеңгени үчүн 300 миң долларга ээ болду

9-июнда өткөн "UFC 238" мелдешинин катышуучуларынын канча суммадагы гонорарга ээ болгону белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мелдештин эң көп гонорарына чемпиондук беттештин жеңүүчүсү Генри Сехудо ээ болгон. Анын сый акысы 440 миң долларга жеткен. Ал эми 2-орундагы Кыргыз мушкери Валентина Шевченко мелдешке катышканы үчүн 105, жеңишке жетишкендиги үчүн 105, жогорку деңгээлдеги көргөзгөн оюну үчүн кошумча 50 жана 40 миң доллар бонуска ээ болуп, жалпы 300 миң доллар алган. Шевченконун атаандашы Жессика Айдын гонорары 130 миң долларга жеткен.

"UFC 238" мелдеши АКШнын Чикаго шаарында өттү. Анда Кыргыз мушкери АКШлык Жессика Айды 2-раундда нокаутка учуратып, эң жеңил салмактагы UFC`нин чемпиондук курун коргоп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nurik929394nur
2019-06-11 09:07:15
20% Кыргыз озуу кем эсеп кылат.
0
Bars88
2019-06-11 09:17:25
Nurik929394nur,20%и биздин чондорго налогкобу
0
Agayu
2019-06-11 10:33:49
Мынаке чыныгы баатыр хоть миллион доллары болсо да карапайым Кыргыз элин унутпай тескерисинче данктап келет.Валянын көп жактарынан сабак алышыбыз керек .
+5
Muratmipa
2019-06-11 10:59:23
Сары кыз 3000 $ берип турчу 2 жылда кайтарып берем
+6
rysik79
2019-06-11 11:29:04
Жакшылыка буйрусун озуно.
+6
suban78
2019-06-11 12:08:02
Валя, Валюш суйлошойлу, жакшы бизнес идея бар. Карочи мага 170 мин доллар берип турасын, эл эки жылда кайтарса, мен бир жарим жылда 200мин кылып кайтарып берем. Анан жыл сайын дивидент катары 12мин доллардан алып турасын. Айына мин доллар жакшы го, сага деле ашыкча болбойт. Ойлонуп кор.
-5
Tuki110592
2019-06-11 12:16:38
Бироонун АКЧАСЫН эсептегенди качан токтотобуз же коро албастыкпы Валя окуса кулот го Кыргызстанда дагы деле элдери суранып журот деп
+3
Nursbaike
2019-06-11 12:53:18
11 жыл школдо 5 жыл универде 1 жыл 8 мин айлык Жумушта. 15 жыл спорт менен машыксам болмок экен
+1
Avrora2017
2019-06-11 14:29:51
Валядан бетке жеп жыгылган кыз деле жакшы гонорар алыптырда, акча учун чыгышатда ринге
0
bessmertiy
2019-06-11 17:24:43
Кут болсун! Молодец кыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан