Нью-Йоркто учак 54 кабаттуу имараттын чатырына кулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ Манхэттендеги 7-авенюда жайгашкан көп кабаттуу имараттардын биринин чатырында орун алган.
"Кырсык болгон жерге өрт өчүрүү кызматтары тартылган. Учак имараттын чатырын сүзүп токтогон. Мындан улам өрт башталган. Кырсык эмне себептен болгону жана канча адам каза болуп же жабыркаганы боюнча эч кандай маалымат жок", - деп айтылат маалыматта.