
Москвада 18 жаштагы кызматкер макулатураны майдалоочу жабдууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июнь күнү Октябрдын Туусу айылындагы макулатураны кайра иштетүүчү ишканада орун алган.
"Макулатураны кайра иштетүү ишканасынын кызматкери кагазды майдалоочу жабдууга түшүп кеткен. Учурда тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын аныктап жатышат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык жабдууну колдонууда аны пайдалануу эрежелерин бузуудан улам келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.