3 кыргыз спортчусу Чехияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынышты. "Ата-бала бир мелдешке катышып, жеңүүчү аталган учур буга чейин болбоптур" дейт катышуучулар

Май айында Чехия өлкөсүндө жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеш өттү. 30дан ашык мамлекеттин спортчулары катышкан мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн Эрали Аскарбек уулу, анын уулу Эржигит Эрали уулу жана шакирти Азамат Нурбек уулу катышып, үчөө тең алтын медаль тагынышты. "Ата-бала бир мелдешке катышып, экөө тең алтын медаль тагынган учур жиу-житсунун тарыхында болбоптур" деген спортчулар SUPER.KG порталына маек курду.

Эрали Аскарбек уулу, 69 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалдын ээси.

- Мелдеш тууралуу айта кетсеңиз...

- 18-19-майда Чехия өлкөсүндө жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеш орун алды. Кыргыз өлкөсүнөн мен, уулум Эржигит жана 1 окуучум Азамат Нурбек уулу үчөөбүз чогуу катышып келдик. Эржигит 62, Азамат 66, мен 69 килограмм салмак ченинде күч сынаштык. Үчөөбүз тең өз салмагыбызда алтын медалга ээ болуп, 100 пайыздык жыйынтык көрсөттүк.

- Мелдешке канча өлкөдөн спортчулар келишти?

- Жалпы Германия, АКШ, Испания, Италия сыяктуу 32 мамлекеттен 1000ден ашык спортчу келди. Айрым өлкөлөрдөн 20-30дан спортчу келсе, айрымдарынан андан да көп келишти. Биздин өлкөдөн үчөөбүз гана барганыбызга карабай медалдык эсепте 5-орунду алдык. Биринчи орунду чехтер өздөрү алса, 2-орунду Германия алды. 3 жана 4-орундарды Сауд Арабиясы менен Испания багындырды. Жиу-житсу Европада абдан өнүгүптүр. А бизге бул спорттун келгенине болгону 2-3 жыл болду. Буга карабай күчтүү делген Португалия, Италия сыяктуу мамлекеттерди артка калтыра алдык. Мелдеште коңшу Казакстандан да спортчулар барышты. Бирок алар байгелүү орундарга жете албай калышты.

- Өзүңүз жөнүндө, шакирттериңиз тууралуу айта кетсеңиз. Кайсы клубда машыгасыздар? Буга чейин кандай жетишкендиктерге ээ болгонсуз?

- Өзүм Бишкектеги EREM спорт клубунда ага машыктыруучумун. Жанымда турган шакирттерим баш болгон бир нече спортчуларды машыктырам. Буга чейин биздин спортчулар жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугун, Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугун бир нече жолу жеңип алышкан. Мындан кийин да өлкөбүздүн желегин желбиретүү үчүн колдон келишинче аракет кыла беребиз. Жакында эле Орусияда жиу-житсу боюнча эл аралык мелдешке чакыруу келди. Буюрса, ал жактан дагы байгелүү кайтабыз деген ишеничим бар.

- Мелдешке катышууга кеткен чыгымдарды кимдер каржылады?

- Баргандан келгенге чейинки бардык чыгымдар EREM клубунун бюджетинен каржыланды. Спортчуларга ар дайым колдоо көрсөтүп, чыгымдарын көтөрүп жүргөн клубдун президенти Раимбек Матраимов, вице-президент Шайлообек Атазов баш болгон жетекчиликке ыраазычылык билдиребиз. Кандай гана мелдеш болбосун каржы маселесин жогоруда аты аталган инсандар чечип келе жатышат. Чет жакта жүргөндө Кыргыз желеги желбиресе өзгөчө сыймыктануу сезими пайда болот экен. Мындай колдоолор болуп турса, кыргыздын желегин дагы далай өлкөлөрдө желбиреткенге болгон күчүбүздү жумшайбыз.

- Кыргыз жеринен 3 гана спортчу барганына карабай 30дан ашык өлкөнүн ичинен 5-орунга ээ болуптурсуздар. Мелдештин уюштуруучулары, катышуучулары мындай жыйынтыкка кандай баа беришти?

- 3-айлампадан кийин мыкты деңгээлде беттеш өткөрүп жатышат деп бизге көңүл бура башташты. Кайсы өлкөдөн келгенибизге, каякта машыкканыбызга кызыккандар көп болуп жатты. Эржигит менин уулум экени билингенден кийин мелдешти чагылдырып жүргөн журналисттер бизди тегеректеп калышты. Анткени буга чейин жиу-житсунун тарыхында ата-бала бир мелдеште алтын медаль уткан окуя болбоптур. "Бир үй-бүлө келип, бүтүндөй мелдешти багындырды" дешип абдан резонанс жаралды.

Эржигит Эрали уулу, 62 килограммга чейинки салмак ченинде алтын медалдын ээси

"Жиу-житсу менен 3 жылдан бери машыгып келем. Ага чейин дзюдо менен машыкчумун. Чехиядагы өткөн мелдеш эл аралык деңгээлдеги алгачкы ийгилигим эмес. Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште коло байгени жеңип алгам. Ал эми жыл башында Азия чемпиондугунда алтын медалды тагындым. Жиу-житсуда бардык спорттун элементтери бар болгондуктан бул спорт түрү мага жагат".

Нурбек уулу Азамат, 66 килограмм салмак ченинде алтын медалдын ээси

"Чехиядагы мелдеште 4 мамлекеттен келген спортчу менен күрөштүм. Алгач германиялык жана испаниялык атаандаштарды жеңдим. Андан кийин 2 чехиялык спортчу менен беттешип, финалда ирандык атаандашка туш келдим. Албетте, жеңишке жетүү оңойго турган жок. Баарынан да Чехиянын балбандарын жеңүү абдан кыйынга турду. Алар техникалык жана физикалык жактан бир топ күчтүү экен. Канчалык кыйынчылык болбосун ийгилик биз тарапка жылмайган экен, Кудай буюруп, алтын медалга ээ болдук".

Алтын тагынган ата-бала чехиялыктарды таңдантты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-06-11 16:14:59
Мынча сонун жанылык, машыктыруучуда иш коп экен, азаматтар!!!
+6
Skarlett-Skarlett
2019-06-11 20:19:26
Сонун!Мына кыргызымдын уулдвры
+1
uran98
2019-06-12 05:38:17
Жеки Красавчик!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан