Инстаграмдын эң популярдуу колдонуучусу аныкталды

Hype Auditor анализ жүргүзүүчү платформасы Инстаграм социалдык тармагынын эң популярдуу колдонуучусун аныктап чыкты. Мындай маалыматты британиялык The Sun басылмасы жазды.
Аталган ресурс колдонуучунун популярдуулугун катталуучулардын санына эмес, сүрөттөрүнө топтогон "жакты" белгисинин санына карап аныктаган. Ошондой эле колдонуучунун постторуна чыныгы катталуучулар канча жүрөкчө басарын, ал эми жасалма боттор канча баса турганынан бери аныктап туруп жыйынтык чыгарышкан.
Эң көп чыныгы колдонуучулардан жакты белгисин топтогон - америкалык ырчы Селена Гомес популярдуу колдонуучулардын сап башына турду. Анын катталуучуларынын саны 151 миллион адам, ырчынын ар бир сүрөтүнө 4,6 миллион "жакты" белгиси басылат.
Экинчи орунда сүрөттөрүнө 3,6 миллион "жакты" белгисин топтогон ишкер айым жана модель Кайли Женнер.
Ал эми алдыңкы үчтүктүн акыркы сабында "Ювентустун" жана Португалиянын улуттук курамасынын футболчусу Криштиану Роналду турат. Баса анын катталуучулары Гомес менен Женнердикинен да көп, 170 миллион катталуучу. Ал эми сүрөттөрүнө топтогон "жакты" белгилеринин саны 2,8 миллионго чейин жетип турат.
Роналдунун артынан эле 4-сапта сүрөттөрүнө 2,5 миллондогон "жакты" белгилерин алып турган "Барселонанын" капитаны, футболчу Лионель Месси турат.
5-катарда ырчы Бейонсе, ал катталуучуларынан 2,3 миллионду чамалаган жүрөкчөлөрдү алып турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Linkin.
2019-06-11 10:47:32
аял кишини бизнесмен эмес бизнесВУМЕН же бизнес-леди дешет
+11
Aza17
2019-06-11 10:53:34
Ой ой ой бул макаланын биздин Самара м.н Анжелика окуп бири бирин жунун жулуп баштады.
+20
rysik79
2019-06-11 11:03:42
Биздин Самара менен Анжеликага жетпей все равно.
-13
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-06-11 11:42:05
Суперде да окубагандар эле отурат окшойт)) Бизнесмен эмес деп эркек кишилерди айтат!!!
-5
Defend.
2019-06-11 21:25:21
Буларды жаңылык кылбасаңар деле и так популярдуу го, таланттуу адамдар. Биздин ХХХХХХХХ ошого теңелебиз деп атын площадка жазып, ит кылбаган кылыктарды кылып жүрүшпөйбү ким жанагы кыдырова деген бир оронуп бир алигиндей болгон!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан