Депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна сунуштары кирбей калганына нааразы болушту

Бүгүн, 11-июнда парламент комитетинде депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна сунуштары кирбей калганына нааразы болушту.

Учурда "Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын эске салды. Ал жазуу түрүндө депутаттардан сунуш түшкөнүн айтты. "Бул мыйзам долбоору боюнча сунуштар түшүп жаткандыктан кечээ түнкү саат 1:00гө чейин иштедик. Депутатка жогорку билимге ээ болуу талабы алып салынды. Ошондой эле шайлоого бир жыл калганда шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чектөөнү алып салуу сунушу киргизилди", - дейт ал.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов түшүндүрмөсү жок эле сунуштар алып салынганын айтты. "Азыркы шайлоо системи, жабык тизме деп аталат. Жарандар партияга добуш берет. Коом каалабаган адамдар парламентке кетип калып жатат. Жанар Акаевдин сунушун колдоп, партиянын ичиндеги үч-төрт адамга добуш берүү керек", - дейт Шыкмаматов.

Депутат Исхак Масалиев анын сунушу өтпөй калганына нааразы болду. "Бакыт Төрөбаев экөөбүз берген 5 сунуштун бирөөсү да колдоо тапкан жок. Жогорку Кеңештин депутаттарын мандаттарын алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын добушун 9 пайыздык босоголук чекти 5 пайызга түшүрүүнү сунуштаганбыз. 3төн 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота 5 депутаттык мандатты бекитип берүүнү, мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышса кызмат ордун убактылуу эмес, толугу менен ташташ керектигин айтканбыз. Форма-2 маалым катын алып салуу керек. Сунуштарымды добушка коюңуз", - деди Масалиев.

Канат Керезбеков билдиргендей, үгүт иштерине шоулорду кыскартуу боюнча сунуш мыйзам долбооруна киргенин айтты.

Масалиевдин сунуштары добушка коюлуп, колдоо тапкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан