Ошто жаран өз үйүндө асынып алды. Анын ири суммадагы акчасын кумарканага уттурганы айтылууда

Ош шаарында кумарканага ири суммадагы акча уттурду делинген жаран өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь күнү Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон.

"33 жаштагы жарандын асынып алганын жубайы көрүп милицияга жана ооруканага телефон чалган. Ал Ош шаардык ооруканасында 6 күн комада жатып, 8-июнь күнү каза болгон. Маалыматтар боюнча маркум ири суммадагы акчасын кумарканага уттурган. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2019-06-11 17:30:33
Бардык кумарканаларга миллиондоп штраф салыш керек
+6
Defend.
2019-06-11 21:30:50
Ал кумаркана адамдарды заставить этпейт да туурабы? Ал адамдын өзүнөн эле, эч ким барбай койсо кумаркана жабылып кетет. Барган өзү, ойногон өзү, утулуп калып асынып алып, такыр туура эмес кылыптыр, тообо келтирш керек
-4
urmat94
2019-06-12 02:17:42
Defend.,туура заставить этпейт бирок озун кармай албагандар бар ошон учун кумар дейт да,жабыш керек
0
Agayu
2019-06-11 22:22:58
Сен өзүн үчүн жооп берип койдун , адам ар кандай да өзүнө уверныйлар бар өпкөсү көпкөндөр бар .Бир ооз менен алганда жабыш керек
0
Defend.
2019-06-12 13:42:24
Agayu, ар ким өзү үчүн жооп берет да туурабы акыретте дагы, ар кимдин өзүнүн башы бар. Сага окшоп өкмөт баары үчүн жооп берип 5-6 жыл мурун кумарканалар жабылган. Ошого карабай кычыктардан издеп таап алган күнөө өзүндөбү? Семейный адам кумарды эмес, үй-бүлөөсүн биринчи коюш керек!
0
Aruwka.89
2019-06-12 01:22:05
Пайдасыз оюндарды жабыш керек! Не кереги бар! Оздору барат эмес, азгырык ал Жак!
0
Djal1987
2019-06-12 02:04:43
Азарт оюну тируулой олтурот. Вроде тируусун бирок тируунун олугусун. Жашоонун бары жогу билинбейт кумарчыларга
+1
Arman7
2019-06-12 12:41:32
Жабылсын бири да калбай киргим келип азгырылам кээде бир убакта ойногом да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан