Белгилүү ырчы Кайрат Нуртас Казакстандагы митингде кармалгандарды бошотууну суранды

Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртас президенттик шайлоо учурунда жана 10-июндан 11-июнга караган түнү митингге чыгып, полиция тарабынан кармалгандарды бошотууну суранды. Ырчы өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга жүрөгү ооруп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Ооба, мен ырчымын. Чыгармачылык - бала-чакамды бага турган жумуш. Ушул күнгө чейин кимдир бирөөнүн тарабында болуп, анын таламын талашып чыккан эмесмин. Анткени калктын тынчтыгы мен үчүн маанилүү. Бирок өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяга байланыштуу үн каткым келди. Элимдин каны төгүлсө жөн эле отуруп калбайм. Анткени мени эл көтөргөн, ушул даражага элим жеткирген. 1986-жылкы окуянын кайталанышын, казактын каны төгүлгөнүн каалабайм. Кудай сабыр берсин!

Бийликтегилер, калктын маселесин уга турган, чече турган убакыт келди. Казак Республикасынын эң биринчи байлыгы калкы болуп эсептелет. Элге каршы чыгуу - Кудайга каршы чыгууга барабар. Ушул тапта элге кошулуп мен дагы камалгандарды бошотууну суранам. Бул дүйнөдөгү бардык нерсе Кудайдын каалоосу менен боло турганын эсибизден чыгарбаганыбыз оң. Уруш-талаш чыккан мамлекеттердин оңолуп, өнүгүп кеткенин көрө элекмин. "Ачуу душман, акыл дос". Жерибизде тынчтык, журтубузда аманчылык болсун! Мен силерди жакшы көрөм", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Казакстандагы президенттик шайлоо 9-июнда өтүп, Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, митинг учурунда 500дөн ашуун адам кармалганы айтылган. Шайлоодон кийинки башаламан учурунда төкмө акын Ринат Заитов кармалган. 11-июнда Алматыдагы жазуучулар союзунун өкүлдөрү жана акындын жакындары аны бошотууну талап кылып жөө жүрүшкө чыгышкан. Ал эми бүгүн Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү 12-июнга карата журналисттерге маалымат берди. Анда шайлоо күнү митингге чыккандарды кармоо иштери улантылып жатканын, жалпысынан 700 адам кармалганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Neizvestno777
2019-06-11 23:32:15
Чек араны жаап койсун Кыргызстан оздоруно окшоп
0
Aidar.001
2019-06-12 00:15:31
Neizvestno777,кыйраттын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан