Кыргыз өлкөсүнүн сому Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эң туруктуу валюта. Мындай пикирин бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Азамат Арапбаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүнүн валютасы Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен эң туруктуу валюта болууда. Коңшу Өзбекстанда жана Казакстанда валютанын девальвациясы (арзандашы) эки жолу байкалды. Мындай көрүнүштү башка өлкөлөрдөн да байкоого болот. Алардын Улуттук банктары туура эмес саясат жүргүзгөнүнөн улам бул нерселер болот. Ал эми биздин өлкөдө валюта туруктуу, бул Улуттук банктын туура иш жүргүзүп жатканынан кабар берет", - деп мактады ал.
Комитет жыйынында Улуттук банктын төрагасы 2018-жылдагы иши жөнүндө отчёт берди.