Орусиялык журналист Иван Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулду

Орус тилдүү "Meduza" интернет басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голуновго коюлган айыптар алынып, үй камагынан бошотулду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 6-июнда полиция кызматкерлери Иван Голуновду Москвадан кармашкан. Журналистти кароо учурунда анын жанынан мефедрон (организмдин психотроптук жана физикалык жөндөмдүүлүгүн күчөтүүчү зат), ал эми үйүн тинтүү учурунда кокаин табылган.

Алгач Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвадагы баңгизатын өндүрүүчү топко Голуновдун тиешеси бар деп шектелип жатканын маалымдаган. Мындан улам журналистке карата кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганга чейин ал үй камагына киргизилген. Ошондой эле министрлик журналисттин батиринен тартылган деп бир нече сүрөттөрдү тараткан. Кийинчерээк бир эле сүрөт Голуновго тиешелүү болгону аныкталган.

Иван Голунов өзүнө карата тузак уюштурулганын айтып, соттун чечимине карата апелляциялык арыз жазган. Ал эми анын жактоочусу Сергей Бадамшин экспертизанын жыйынтыгына ылайык, кокаин табылган баштыкта журналисттин колунун изи аныкталбаганын билдирген.

Орусия Федерациясынын ички иштер министри Владимир Колокольцев 11-июнда Голуновго коюлган айыптар далилденбегенин, анын иши токтотулганын билдирди.

"Иван Голуновго козголгон кылмыш иши токтотулду. Анын эч кандай кылмыштуу топко тиешеси жок экени аныкталды" деген ал. Ошондой эле министр Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысын жана баңгизаттарды өндүрүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисин жумуштан кетирүүнү бийликтен суранарын билдирген. Мындан тышкары Голуновду кармаган кызматкерлер убактылуу жумуштан четтетилгенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан