
Орусиянын Белгород шаарында мындан 3 жыл мурун ымыркайын өлтүрүп, дагы бир ымыркайын төрөп таштап койгон аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кармалган энеге 2 факт боюнча кылмыш иши козголду. Алардын бири "ымыркайды өлтүрүү", ал эми экинчиси "ымыркайдын өмүрүн коркунучта калтыруу" беренеси.
"Тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү аял 2015-2016-жыл аралыгында жаңы төрөгөн баласын сууга чөктүрүп өлтүргөн. Кылмыштын бетин жабуу максатында ымыркайдын жансыз денесин көрүнбөгүдөй кылып ороп, тууганы жашаган районго барып чуңкурга ыргытып жиберген. Ал эми ушул жылдын 4-июнь күнү аталган аял тааныштарынын үйүнө конокко барып ал жерден көз жарган. Бирок жаңы төрөлгөн ымыркайын диванга таштап коюп уктоо үчүн кетип калган. Эртеси күнү ымыркайды бейтааныш адам көрүп, "Тез жардам" кызматына чалган. Кылмышка шектелген аял спирт ичимдиктерин көп иче турганы айтылат. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.