Сокулук районунда “унаа уурдаган” деп шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды
Сокулук районунда “унаа уурдаган” деп шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды.
Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 27-июлда
Бишкек шаарынын 45 жаштагы тургуну үйүнүн алдында токтоп турган БМВ үлгүсүндөгү
унаа уурдалгандыгы тууралуу арызы менен кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында
Кант шаарынын тургуну, 23 жаштагы Антон Ш. кармалган. Бул факт боюнча кылмыш
иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.