Казакстандын Алматы облусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсык Алматы-Бишкек унаа жолунун 94-чакырымында болгон. Мындай маалыматты Zakon.kz басылмасы жазды. Окуя 10-июнь күнү кечки саат 20:30, 21:00 чамаларында орун алган. Кырсыктын кесепетинен 1 улгайган аял каза болгон.
Басылманын маалыматында жазылгандай, Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус жүргүнчүлөрү менен Жамбыл шаарынан Алматыга, ал эми Спринтердин артында Тойота Камри үлгүсүндөгү жеңил унаа бара жаткан. Каршы тилкеде Мерседес E-Class унаасы келе жатканда Спринтер менен Тойотанын айдоочулары жанаша айдашкан. Алдынан чыккан унаадан буйтоо үчүн жолдун четине чыккан Мерседес E-Class унаасынын айдоочусу кичи автобусту маңдайынан келип сүзгөн. Мерседес Спринтер жолдун жээгине оодарылып калган. Ал эми артында келе жаткан Тойота унаасы дагы Мерседес жеңил унаасы менен сүзүшүп, жолдон чыгып кеткен.
Маалыматтарга караганда, кырсыктан 11 адам жаракат алган. Алардын үчөө жандандыруу бөлүмүндө, ал эми төртөө ооруканада болсо, дагы 4 адамды кырсык болгон жерден медициналык жардам көрсөтүп, жөнөтүшкөн.
Үч унаанын тең айдоочулары жаракат алышкан.