Түркиянын "Бешикташ" клубунун 16 жашка чейинки айрым футболчулары мейманканага сойкуларды чакырган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, окуя Грецияда футболдук мелдеш учурунда болгон.
"Балким, жаш футболчулардын мындай кылыгы билинбей калмак. Бирок оюнчулар сойкуларды жалпы команданын эртең мененки тамактануусуна чакырган. Ал жерден машыктыруучулар жана мелдешти көргөнү келген ата-энелер көрүп калышкан. Окуяга тиешеси бар футболчулардын баары командадан четтетилген. Бирок ага карабай "Бешикташ" клубу Грециянын күчтүү делген клубун жеңип алышты", - деп жазылат маалыматта.
Мындай маалыматты "Бешикташ" клубунун басма сөз кызматы четке кагууда.
"Айрым басылмалар жазып жаткан маалыматтар туура эмес. Окуя таптакыр башкача болгон. Командадагы оюнчулардын бири сүйлөшкөн кызын мейманканага чакырганы үчүн машыктыруучулар аны машыгуулардан четтеткен. Маалымат каражаттары баарын көбүртүп-жабыртып жатышат", - деп айтылат клубдун расмий баракчасында.
Аты аталган командада 14 жаштагы кыргыз футболчусу Автандил Дүйшеев ойноп келет. Учурда ал "Бешикташтын" 16 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курамынын капитаны.