Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир жылда 2 ирет ант берди. Анын бүгүн кызматка киришүү аземи өттү

Казакстандын Нур-Султан шаарында Касым-Жомарт Токаевдин президенттик кызматка киришүү аземи өттү.

Саат 11:05те эгемендүүлүк сарайынын залына эл башы Нурсултан Назарбаев кирди, анын артынан жаңы шайланган президент Касым-Жомарт Токаев кирип келди. "Казак эли" борбордук аянтында салтанатка арналган замбиректерден асманга ок атылды. Токаев өлкөнүн желегин өөп, ант берди жана 2 тилде алдыңкы иштер тууралуу сөз сүйлөдү.

"Менин максатым - коомдун биримдигин камсыздоо. Кайсы жерде жүрбөйүн ар качан Казакстандын улуттук кызыкчылыктарын коргойм" деди ал. Бүгүнкү ант берип кызматка киришүү аземин быйыл Касым-Жомарт Токаев экинчи ирет аткарууда. Ал 20-мартта да мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин президенттик иши токтогондон кийин парламентте ант берип, президенттик ишке киришкен.

Казакстандагы президенттик шайлоо 9-июнда өтүп, Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып, митинг учурунда 500дөн ашуун адам кармалганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tyrgon
2019-06-12 11:56:40
Ушу токаевдин бирди көрсөтчүдөй
0
bond02
2019-06-12 12:04:29
Аябай эле шашылыш болуп кетпедиби?
0
Agayu
2019-06-12 12:48:16
Токаев эле болсун, Ринаттын сазайын берсин .Ринат озун Зеленскиймин дейт окшойт .
0
AsiaBoy
2019-06-12 15:03:33
Жээнбеков менен Атамбаевдей болбосо болду эми булар дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан