Бүгүн, 12-июнда парламентте Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда митинг учурунда айткан сөзүнө жооп кайтарды.
"2017-жылдан бери мамлекетте ар кандай саясий оюндар күчөдү. Биздин, жалпы депутаттардын ою - бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетине таза кызмат кылуу. Ошого жараша өкмөт билимдүү, илимдүү депутаттар сунуштаган мыйзамдарды кабыл алып, анын иштешине көзөмөл кылып келебиз. Муну эч ким талаша албайт. Мамлекетке кыянат кылган чиновниктердин ордун көрсөттүк. Бул бүгүнкү күнү билинбесе, 10-20 жылдан кийин ушул трибунада отурган депутаттар айтып чыгышат. Тарыхта болуп көрбөгөн кадамдарга бардык. Буга чейин экс-президенттин Жогорку Кеңешти "чимкирик" деп атаганына жооп бергем. Биз тийиштүү насыя, гранттарды мамлекет үчүн иштейт дегенде колдоп беребиз. Бардыгыбыздын мамлекет өнүксүн деген тилегибиз бар. Биз саясий чечим кабыл алып, тийиштүү мамлекеттик органдарга коррупцияга шектүүлөрдүн жүзүн көрсөттүк. Экс-премьер-министрлер камалып, сот иштери жүрүп жатат. Канча министрлер суракка алынууда. Анан эмне үчүн биз элдин алдында жаман болуп, "чимкирик" болушубуз керек? Эмне үчүн ошол кишилерге болушкан адам мамлекеттин, элдин алдында баатыр же таза болушу керек? Биз андайга жол бербейбиз. Ким мамлекетке чыккынчылык кылса, элдин байлыгына кол салса, ошол иштер менен күрөшөбүз.
8-июнда Атамбаев депутат, төрага Матраимовдордун тоюна барды деп айтып чыкты. Мындай той быйыл эле өтүп, быйыл эле төрага, депутаттар барып калган жок. Сиздин убагыңызда деле премьер-министр, жакын депутаттарыңыз ошол тойдо жүргөн. Алар элди сыйлап, элге жакшылык кылгандарга жакшы сөзүн айтышты. Мен ага эч кандай комментарий бере албайм. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңыз беле?! Эмнеге аны айткан жоксуз?
Ушул палатадан ар кандай мыйзамдар кабыл алынды. Биз экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамын кабыл алып бергенибиз Атамбаевге катуу тийди. Эгерде Сооронбай Жээнбеков корксо "бул мыйзамдын кереги жок" деп мыйзам өтпөй калмак. Эл шайлаган президент бул мыйзамга кол койду.
Саясатчылар, депутаттар Дастанбек Жумабеков Атамбаевдин убагында ушул кызматка отурган, сатып кетти деп айтып жатышса керек. Ооба, мен 2017-жылы октябрь айында төрага болдум. Ишеним көрсөттүңөр, эл үчүн иштейм деп ант бергем.
2018-жылы март айында ушул саясий оюндар башталганда Атамбаевге жолугуп, сүйлөшүп оюмду билдиргем. Төрагалык кызмат мен үчүн маанилүү эмес, мен үчүн эл, чындык маанилүү деп айткам. Ал "кааласам 10 миң кишини чогултуп, Ак Үйдөн баарыңарды кууп чыкканга күчүм жетет" деди. Мен ошондо жакамды кармадым. Алмазбек Шаршенович, сиздин оюңузга кошула албайм деп билдиргем. Балким, ошонун негизинде бизди "чимкирик парламент" деп айтып жатат", - дейт төрага.