Бүгүн, 12-июнда Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы Анжелика Кайратова туулган күнүн белгилейт. Ал күйөрмандарына 3 сааттык концерттик программа тартуулай турганын жарыялаган.
30 жашка толгон ырчы быйыл туулган күнүн өзгөчө өткөрүү алдында турат. Мындан бир нече күн мурда ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына туулган күнүнө бардык күйөрмандарын чакырып, атайын билдирүү жазган.
"Кымбаттуу күйөрманым! Мен сизди өздүк майрамыма чакырам. 12-июнь күнү саат 18:00дөн 20:00гө чейин сизди тоскон автоунаалар кызыл килемге алып келип, сүрөтчүлөргө тапшырат. Ачык асман алдында оюн-зоок, тамак-аш менен каалоо-тилектериңизди айтып, 20:00дө жеке чыгармачылык кечеме "Ала-Тоо" ресторанындагы концертке киресиз. Биз даярдап жаткан үч сааттык программа өзгөчө сюрприздер менен коштолот", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечеге сыйлуу конок катары казакстандык ырчы, мурдагы "Кешью" тобунун солисткасы Айдана Меденова келери айтылууда.
12- июнга карата жылнаама.