“Сиздер Атамбаев кантип миллионер болгонун сурап жатасыздар, мен болсо азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо штабына 30 миллион долларды кайдан тапканын сурагым келет”, - деп бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште депутат Ирина Карамушкина билдирди.
Буга депутат Евгения Строкова каршы пикирин билдирди. "Мен бул жерден бардык нерсени ичинен көрүп жатканым үчүн Атамбаевге ыраазычылык билдирем. Ирина Юрьевна, Икрамжан Илмиянов штабдын төрагасы эмес беле? Эмнеге ал ошондо бул маселени көтөргөн жок?
Райымбек Матраимов Алмазбек Атамбаев менен 6 жыл иштешкен. Мен Атамбаевдин Райымбек Матраимов тууралуу билбейм деген сөзүнө ишенбейм. Эми азыр болсо аны коррупционер деп айтып жатат. Ачык айтканда, Сооронбай Жээнбековду өзү алып келди эле го. Биз баарыбыз ал үчүн иштегенбиз, эми бизди Бакиев үчүн иштегендей күнөөлөп жатат", - дейт Строкова.
8-июнда Атамбаев митингде Райымбек Матраимовду 2010-жылы бир эле жолу көргөнүн айткан.