"Эки өлкөнүн маданияты, тарыхы, жашоо образы да окшош элбиз" деп бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Эки өлкөнүн маданияты, тарыхы, жашоо образы да окшош элбиз. Ал эле эмес көйгөйлөрүбүз да бир. Сиздер менен кызматташууга даярбыз. Темир жол куруу сунушуңуздар кызыктырды. Тажрыйбаңыздар бизге абдан керек. Транспорт жана жол министри сиздердин өлкөгө иш сапары менен барып, тажрыйба алып, кеп-кеңешиңиздерди алса деп ниеттенүүдөбүз. Бул ишке мүмкүнчүлүк түзүп бересиздер деп ишенебиз.
2020-жылы өтө турган Көчмөндөр оюнун Түркияга өткөрүп бергенбиз. Кийинки кезекти сиздерге өткөрүүнү карап чыгалы. Былтыр Көчмөндөр оюнуна 63 өлкөнүн өкүлү катышты. Жылдан жылга бул оюнга кызыккандардын саны арбып жатат. Кызматташып, иштешкенге даярбыз жана сунуштарыңыздарды колдойбуз", - деди Жээнбеков.