Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кыз узатуу тойдон алып келген кешиктин этин жеп уулангандардын саны 23кө жетти. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ооруканасынын директору Эркинбай Урманаев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 15 адам ооруканада, ал эми 8 адам амбулатордук жардамды өз үйлөрүндө алып жатышат.
"Учурда бардык ууланып калгандардын абалы жалпысынан жакшы. Тийиштүү жардамдарды алып жатышат. Арасында бир кош бойлуу аял бар. Ал дагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деди Урманаев.
Окуя 9-июнда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында болгон. Анда айыл тургуну өзүнүн карындашын турмушка узатып, андан соң кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген. Тойдон келген этти жеген коңшулар ошол түнү өздөрүн начар сезип, ооруканага кайрылышкан. Башында алардын саны 19 адам экени айтылган.