WhatsApp СМС билдирүүлөрдү массалык түрдө жөнөткөндөргө чара көрөт

WhatsApp мессенжеринин жетекчилиги 2019-жылдын 7-декабрынан тарта СМС билдирүүлөрдү массалык түрдө жөнөткөндөргө жана автоматтык түрдө тараткандарга чара көрөт. Ошондой эле аталган тиркемени колдонуу эрежелерин бузгандар жана компаниялар соттук териштирүүгө алынарын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мессенжерди иштеп чыккандар мунун себебин колдонуучулардын коопсуздугу үчүн деп түшүндүргөн. Май айынын орто ченинде көптөгөн колдонуучулар фишинг чабуулунун (колдонуучунун жеке маалыматтарын чогултуу ыкмасы) курмандыгы болушкан. Аларга анкета толтуруу, билдирүүнү 10 колдонуучуга жөнөтүү менен Spotify өзгөчө аккаунтун алууну сунуштаган каттар келген. Жиберилген каттарды ачканда жасалма сайт ачылып, вируска каршы программаны жүктөө сунушталган.

Буга чейин каттарды массалык түрдө жөнөткөндүгү үчүн миллиондогон колдонуучулар WhatsApp мессенжеринен өчүрүлгөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekish-
2019-06-12 23:10:29
Жакшы болмок
+6
CuMBoJI
2019-06-12 23:48:32
"Бул катты 20 адамга жонотсон, тундо суйгонун чалат", дегендер тажатты да.
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан