Телеграм мобилдик тиркемесине хакерлик чабуул жасалды. Мындан улам аталган тиркеменин иши үзгүлтүккө учураганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Телеграмдын жетекчиси хакерлер DDoS чабуулун (тиркеменин эсептөөчү системин иштен чыгаруу) жасаганын билдирген. Азыркы тапта АКШ жана башка өлкөдөгүлөр тиркемени колдонууда бир катар кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышкан. "Downdetector" сервиси тиркеме Бразилия жана бир катар Европа өлкөлөрүндө иштебей жатканын аныктады.
11-июнда Орусия, Белорусия, Украина, Германия, Италия, Испания, Улуу Британия, Израил жана Нидерландыда колдонуучулар тиркеменин иштебей жатканын билдиришкен.
Ал эми Казакстанда WhatsАpp, Инстаграм, Фейсбук жана Телеграм социалдык тармактары иштебей калганы маалымдалды. Колдонуучулар бул тиркемелер аркылуу билдирүү жазып, кат жиберип, сүрөт бөлүшө албай калгандарын айтышууда.