Каирде жол кырсыгынан 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгында эки кичи автобус жана Жип үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Учурда жол кырсыгы эмнеден улам болгону аныкталууда.
"Жол кырсыгы Хелуан аймагында орун алган. Кырсыктын кесепетинен 8 адам ар түрдүү жаракаттарды алып жакынкы ооруканаларга жеткирилген. Акыркы жылдары жол инфраструктурасынын өнүгүүсүнө миллиондогон каражаттар жумшалган. Ал эми жол кырсыктарынан адам өмүрү менен коштошкон учурларды азайтуу көрсөткүчү өзгөрүлбөй келет. Катталган жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочулар жол эрежелерин сактабагандан улам келип чыгууда", - деп жазылат маалыматта.