Франциянын "Лион" клубунун коргоочусу Ферлан Менди "Реал Мадрид" клубуна өттү. Бул тууралуу испан клубунун расмий баракчасы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы футболчу менен 6 жылга, 2025-жылга чейин келишим түзүлгөн.
"Ферлан Менди 19-июнда күйөрмандарга тааныштырылып, алгачкы ирет "Реалдын" футболкасын киет" деп жазылат маалыматта.
"Лион" клубунун маалыматына ылайык, коргоочу үчүн мадриддик клуб 48 миллион евро төлөп берген. Келишимде көрсөтүлгөн бонустарга жараша аталган сумма 60 миллионго жетиши мүмкүн.
Өткөн сезондо Ферлан Менди "Лион" клубунун катарында 44 беттеш өткөрүүгө жетишкен. Буга чейин коргоочуну сатып алууга Европанын бир топ клубдары кызыкдар болуп, трансфердик рынокто көмүскө күрөш жүрүп жатканы айтылган.